Загрузка документа…
2026-жылдын 31-июлу №16/2
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Алманкол участкасындагы 466-контурундагы 0,20 га, жайыт эсебиндеги жер тилкесин эт багытында асыл тукум кой чарбасын уюштурууга, мал короо куруу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Алманкол участкасындагы 466-контурундагы 0,20 га, жайыт эсебиндеги жер тилкесин эт багытында асыл тукум кой чарбасын уюштурууга, мал короо куруу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылынын Алманкол участкасындагы 466-контурундагы 0,20 га, жайыт эсебиндеги жер тилкесин эт багытында асыл тукум кой чарбасын уюштурууга, мал короо куруу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |