Загрузка документа…
2026-жылдын 31-июлу №16/3
Баш-Булак айыл аймагынын Торгой-Булак айылындагы 5-көчөсүнө «Сатаров Токтогул» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Торгой-Булак айылынын тургуну Сатаров Токтогулдун баласы Сатаров Нургазынын арызын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
токтом кылат:
1. Баш-Булак айыл аймагынын Торгой-Булак айылындагы 5-көчөсүнө «Сатаров Токтогул» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |