Загрузка документа…
2026-жылдын 31-июлу №16/4
Баш-Булак айыл аймагынын Эшме айылындагы 0,04 га жер тилкесин Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүнө чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын Эшме айылындагы 0,04 га жер тилкесине таяныч пунктун куруу үчүн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүнө чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкарууга макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл аймагынын Эшме айылындагы 0,04 га жер тилкесине таяныч пунктун куруу үчүн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүнө чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкарууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевге тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |