Загрузка документа…
2026-жылдын 31-июлу №16/5
Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айылынын Ош-Эркештам жолунун боюндагы 284-контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 0,09 га кунарсыз жайыт жер аянттарын вет.аптека куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айылынын Ош-Эркештам жолунун боюндагы 284-контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 0,09 га кунарсыз жайыт жер аянттарын вет.аптека куруу үчүн багытын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айылынын Ош-Эркештам жолунун боюндагы 284-контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 0,09 га кунарсыз жайыт жер аянттарын вет.аптека куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Баш-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-июлундагы №7/10 Баш-Булак айылынын Ош-Эркештам жолунун боюндагы 284-контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 0,04 га кунарсыз жайыт жер аянттарын вет.аптека куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилген токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |