Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/6
Каратай – Садырбай унаа жолу реконструкция болуп жаткандыктан Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Б.Абдыкадыров көчөсүнүн жашоочуларына акчалай компенсация төлөө жөнүндө
Каратай – Садырбай унаа жолу реконструкция болуп жаткандыктан Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Б.Абдыкадыров көчөсүнүн жашоочуларына акчалай компенсация төлөөгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Каратай – Садырбай унаа жолу реконструкция болуп жаткандыктан Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы Б.Абдыкадыров көчөсүнүн жашоочуларына акчалай компенсация төлөөгө макулдук берилсин.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетке 11111100 (киреше салык агенти төлөөчү киреше салыгы) боюнча 5500,0 (беш миллион беш жүз миң) сом киреше бөлүгүнө бекитилсин.
3. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын чыгашалар бөлүгүнүн 70629 тармагынын 2821 (башка класификацияланбаган чыгашалар) беренесине 5500,0 (беш миллион беш жүз миң) сом чыгышылыр бөлүгүнө бекитилсин.
4. Айыл өкмөттүн чыгышалар бөлүгүнүн сарпталуусун беренелер боюнча мыйзам чегинде сарпталууну камсыздоо жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевге тапшырылсын.
5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.Бакиров |