Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/7
Баш-Булак айыл өкмөтү 2026-жылга смета боюнча жыл башында каралган акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу статьялар боюнча өзгөртүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтү 2026-жылга смета боюнча жыл башында каралган акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу статьялар боюнча өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна жана 109-беренесинин 2-пункттарына ылайык Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн 70111 тармагынын 3112 (машиналар жана камсыз кылуулар) статьясынан 70629 тармагынын 2214 (транспорттук кызмат көрсөтүүлөр) статьясына 100,0 (жүз миң) сом, 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алуу) статьясына 300,0 (үч жүз) сом, 70911 тармагынын 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алуу) статьясына 250,0 (эки жүз элүү миң) сом, 70921 тармагынын 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алуу) статьясына 250 миң ( эки жүз элүү миң) сом, 71092 тармагынын 2721 (элге жеңилдиктер) статьясына 200,0(эки жүз миң) сом болуп, жалпы 1100,0 (бир миллион бир жүз миң) сом жылдырылып пайдаланылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгышалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |