Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/8
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №32 О.Кожошев атындагы орто мектебиндеги 10-классты сактап калуу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Сөгөт айылындагы №32 О.Кожошев атындагы орто мектеби коңшу айылдардан 10 км ге алыс жайгашкандыгына жана сырттан окуу мектептери жоюлгандыгына байланыштуу мектеп директору Б.Худайбердиевдин жана ата-энелердин кайрылуу катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы №32 О.Кожошев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучуларынын саны (он окуучу) жетишпегендигине карабастан, ошондой эле Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бул мектепти коӊшулаш мектепке транспорт аркылуу ташуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан сактап калуу жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |