Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/9
Баш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылына бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылына бала бакча ачуу максатында ата-энелердин кайрылуу катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылындагы 5040610020012 идентификациялык номердеги Бакиров Джолборсбек Шералиевичтин үйүнө үч тайпага ылайыкташкан токсон орундуу үй шартындагы келишимдик негиздеги муниципалдык бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Садырбай айылындагы “Эркетай бала” бала бакчасына филиал болуп ачылсын.
3.Жаңы-Турмуш айылындагы ачыла турган бала бакча үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |