Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/10
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу максатында, айыл өкмөттөгү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген Жобонун алкагында сынак өткөргөн. Сынактын жыйынтыгында “Видео көзөмөл” долбоору жеңүүчү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунан дем берүү иретинде 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө кошумча каржылоого ээ болгондугуна байланыштуу демилгелүү топтун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүчү) катары берилген гранттын суммасы 200 000 (эки жүз миң) сом Баш-Булак айыл аймагынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгү 200 000 (эки жүз миң) сомго, чыгаша бөлүгү 200 000 (эки жүз миң) сомго өзгөртүлсүн.
2.Ушул токтомдун негизинде Баш-Булак айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Кайназаровага жүктөлсүн.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |