Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/11
Баш-Булак айыл өкмөтүндө биргелешкен мониторинг, баалоо тобун түзүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КРБюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын5-сентябрындагы №01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде Баш-Булак айыл амагында биргелешкен мониторинг жана баалоо иштерин уюштуруп жүргүзүү максатында токтом кылат:
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн.
Малабеков Мелис – жерг.кенештин депутаты, топтун төрагасы;
Калыев Нурлан – жарандык активист, топтун мүчөсү;
Жээнкулова Чынара – аялдар кенешинин төрайымы, топтун мүчөсү;
Асанова Зарина – жерг.кенештин депутаты, топтун мүчөсү;
Парпиев Ракпар – аксакалдар сотунун төрагасы, топтун мүчөсү;
Чийирова Айжамал – айылдык кенештин катчысы, топтун катчысы;
Нурланбек к Кызжибек – айыл өкмөттүн адиси, топтун мүчөсү.
2.Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Жобого ылайык айыл аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге байкоо жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү,саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.Бакиров |