Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №14
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2027-жылга долбоору жана 2028-2029-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 12-июнундагы №01-3/105 сандуу сунуш катына жана туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколуна, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан келип
түшкөн каржы булактарын эсептөөлөрдүн негизинде даярдалган айыл өкмөттүн бюджетинин 2027-жылга долбоору 55 310,5 миң (элүү беш миллион үч жүз он миң беш жүз) сом суммасында;
- 2028-жылга 56 976, 5 миң (элүү алты миллион тогуз жүз жетимиш алты миң беш
жүз) сом суммасында;
- 2029-жылга 57 476,5 миң (элүү жети миллион төрт жүз жетимиш алты миң беш
жүз) сом суммасында;
2. Бул токтом менен бекитилген сумманы максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз-Ата
айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |