Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №15
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 502 токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 502 токтому жана анда бекитилген жобо жетекчиликке жана аткарууга алуу максатында айыл аймагынын бардык айылдарына жайылтылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагында ритуалдык кызмат көрсөтүү кызматы түзүлө
электигин жана көмүү жайларын алдын ала брондоо тажрыйбасы буга чейин колдонулбаганын, ошондой эле жергиликтүү калктын үрп-адатын жана каада-салтын эске алуу менен айыл өкмөтүнө ритуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу сунушталсын жана төмөнкүдөй тартип белгиленсин:
- айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын алдын ала брондоо акысыз
(акы төлөмүсүз) жүргүзүлсүн;
- айыл аймагындагы жалгыз бой же кароосу жок калган тургундарды акыркы
сапарга узатууда көмүү жайын уюштуруу жана тиешелүү зыйнаттарды өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |