Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №16
Ак-Булак айылынын Ш. Исраилов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө үчүн элдик салым катары чогултулган акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алууну бекитүү жөнүндө
Ак-Булак айылынын Ш. Исраилов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө үчүн элдик салым катары акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алууну бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 12-июнундагы №01-3/84 сандуу сунуш катына жана туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколуна, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Булак айылынын Ш. Исраилов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө үчүн
долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экинчи региондор аралык башкармалыгына сунушталсын.
2. Ак-Булак айылынын Ш. Исраилов атындагы көчөсүнө асфальт төшөө үчүн элдик салым катары чогултулган 511 500 (беш жүз он бир миң беш жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Б. Дүйшөев |