Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №17
Кыргыз-Ата айыл аймагынын башкы планын түзүү жөнүндө келип түшкөн акча каражатын айыл өкмөттүн атайын эсебине алуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 13-июлундагы №01-3/109 сандуу сунуш катына жана туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколуна, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2026-жылдын 28-майында республикалык
бюджеттен келип түшкөн 14 029 000 (он төрт миллион жыйырма тогуз миң) сом акча каражаты айыл аймагынын айылдарын, калктуу конуштарын куруунун, деталдуу пландоонун долбоорлорунун башкы пландарын түзүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |