Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №20
Кыргыз-Ата айылынын тургуну Алимбаев Жанибек Асановичтин жеке менчик турак жай багытындагы жеринин 300 чарчы метр жер тилкесинин багытын “соода-сатык” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 14-июлундагы №01-3/115 сандуу сунуш катын карап чыгып, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-июлундагы №11 протоколуна, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылынын тургуну Т. Абдикеримов атындагы көчөнүн жашоочусу
Алимбаев Жанибек Асановичтин жеке менчик турак жай багытындагы жеринин ичинен 300 чарчы метр жер тилкесинин багытын “соода-сатык” багытына өзгөртүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунуш катына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө
тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Б. Дүйшөев |