Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-июлу №21
Кыргыз-Ата айылынын Ж. Жээнбаев атындагы көчөсүнөн “Сөгөт” каналына өткөн көчөсүнө эмгектин ардагери, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээси Жусупов Ымамидиндин атын коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы №3-3 сандуу токтому менен бекитилген жобого ылайык, туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколуна, Кыргыз-Ата айылынын жашоочуларынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №1 протоколуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын жашоочуларынын
2025-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз-Ата айылынын Ж. Жээнбаев атындагы көчөсүнөн “Сөгөт” каналына өткөн көчөсүнө эмгектин ардагери, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээси Жусупов Ымамидиндин атын коюу жөнүндөгү” №1 протоколуна макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Б. Дүйшөев |