Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу №24
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 11-августундагы №01-3/132 сандуу сунуш катын талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-августундагы №10 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы Кыргыз-Ата
айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө №5 токтомунун экономикалык суроолор бөлүмүнүн 2215 беренесиндеги Т. Кулатов айыл өкмөтүнө каралган 200 000 сом акча каражатынан 85 000 (сексен беш миң) сом акча каражатын “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” үчүн деп өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинен каралган
85 000 (сексен беш миң) сом акча каражатын “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” үчүн жумшалсын.
3. Тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып баруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет,
салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |