Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу №25
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Кара-Таш көчөсүнө эл агартуунун мыктысы Атанбек Назарбаевдин атын коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Имам - Ата жамаатынын атынан келген 2025-жылдын 25-июлундагы арызын карап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколуна, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылынын Кара-Таш көчөсүнө эл агартуунун мыктысы Атанбек
Назарбаевдин атын коюуга макулдук берилсин.
2. Айылдык кеңештин 2025-жылдын 17-январындагы №3-3 токтому менен кабыл
алынган жобонун талаптарына ылайык, токтомду аткарууга алуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |