Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу №26
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Токмок-Булак участкасы тарабындагы Маматалиев Капар көчөсү менен кесилишкен көчөгө ат коюу жөнүндөө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну Иметов Алмаз
Топчубаевичтин 2025-жылдын 27-октябрындагы арызын карап, талкуулап, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-июлундагы №9 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын Токмок-Булак участкасы
тарабындагы Маматалиев Капар көчөсү менен кесилишкен көчөгө эмгектин ардагери Иметов Топчубайдын атын коюуга макулдук берилсин.
2. Айылдык кеңештин 2025-жылдын 17-январындагы №3-3 токтому менен кабыл
алынган жобонун талаптарына ылайык, токтомду аткарууга алуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына
жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык
иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |