Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу №27
Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөсүнө асфальт төшөө максатында элдик салым катары чогултулган каражаттарды жергиликтүү бюджеттин атайын эсеби аркылуу жүргүзүүнү бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылынынБАМ көчөсүнө асфальт төшөө үчүн элдик салым катары акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алууну бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 11-августундагы №01-3/133 сандуу сунуш катына жана туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 12-августундагы №10 протоколуна, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөсүнө асфальт төшөө үчүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экинчи региондор аралык башкармалыгына сунушталсын.
2. Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөсүнө асфальт төшөө үчүн элдик салым катары
чогултулган 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Дүйшөев |