Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-августу №28
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 11-августундагы №01-3/133 сандуу сунуш катындагы маселени карап, талкуулап жана туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 12-августундагы №10 протоколуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык -экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөнү асфальт төшөөгө түзүлгөн Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык- экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын БАМ көчөнү асфальт төшөөгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 337 277 (үч жүз отуз жети миң эки жүз жетимиш жети) сом акча каражаты каралсын.
0. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн www.kyrgyz-ata.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
.
Төрага |
Б. Дүйшөев |