Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 15-июну №30
Айылдык Кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчилике алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024- жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 “Жергиликтүү кенештердин типтуу регламентин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кенештин иш регламенти жаңы редакцияда бекитилсин.
2.Айылдык кеңештин иши бекитилген регламентке ылайык жүргүзүлөт.
3.Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
А.Амирбеков |