Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 07-июлундагы №31
Айылдык Кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 4-ноябрь № 665 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-39- беренесине ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловдун Жекенди айылдык аймагына караштуу "Чек" участкасынан №1760, №1756 контурларынан 17,7 га "таза жайыт" жана "Жекенди талаасы" участкасынан №1956 контурунан 49,0 га "таптуу жайып" жерлерини, 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, "Айыт чарба багытындагы жерлер" категориясында турган жалпы 66,7 га жайыт жер аянтын "Калтуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу кошуштардын) жерлери" категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жекенди айылындагы № 1969 контурундагы 2,0 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) маселесин демилгелоого макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
А.Амирбеков |