Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-августу №9/1
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алууга макулдук берүү жөнүндө токтому
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан кызматтык “Нива” үлгүсүндөгү автоунааны лизинг аркылуу алуу жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык “Нива” үлгүсүндөгү автоунаа алууга макулдук берилсин.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техниканы өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кааровго жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы»на тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |