Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-августу №9/2
Кызыл-Булак айылындагы курулуп жаткан спорт комплекстин курулушуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө токтому
Кызыл-Булак айылындагы курулуп жаткан спорт комплекстин курулушуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн 38 000,0 (отуз сегиз миллион) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү маселе боюнча угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 55, 115-беренелери, Кыргыз Республикасынын 13-17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24- июнундагы №534-т тескемесине негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кызыл-Булак айылындагы курулуп жаткан спорт комплекстин курулушуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн 38 000,0 (отуз сегиз миллион) сом акча каражаты бекитип берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |