Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-августу №9/3
Ак-Терек айылынын тургуну Зиядинов Мурзаалинин жеке менчигиндеги 2400,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 397,40 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 45 Жер кодексинин 11-13- беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айылынын тургуну Зиядинов Мурзаалинин жеке менчигиндеги 2400,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 397,40 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |