Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-августу №9/
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Каримберди каналын куруу” обьектине долбоордун негизинде алынган 3,75 га жер аянтынын ордуна Т.Кулатов айыл аймагынын 9,62 га айыл чарба фондунун жерлеринен берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 3,75 га жер аянтынын ордуна Т.Кулатов айыл аймагынын №105 контурунан 1,11 га, №95 контурунан 1,64 га, №107 контурунан 6,87 га жалпысы болуп 9,62 га айыл чарба фондунун жерлерин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Ынтымак айылдык кеңешинин (7 чакырылышы) кезексиз 9- сессиясынын №9/1 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18- июлу №149 Жер кодексинин 21-беренесине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Каримберди каналын куруу” обьектине долбоордун негизинде алынган 3,75 га жер аянтынын ордуна Т.Кулатов айыл аймагынын №105 контурунан 1,11 га, №95 контурунан 1,64 га, №107 контурунан 6,87 га жалпысы болуп 9,62 га айыл чарба фондунун жерлерин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |