Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-августу №9/4
Т.Кулатов айыл аймагындагы скважиналарды жери менен кошо айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы скважиналарды жери менен кошо айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы төмөнкү скважиналар жери менен кошо айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
1) Баглан-1 айылындагы №1504 Д;
2) Көтөрмө калктуу конушундагы №1426 Д;
3) Баглан-2 айылындагы №1427 Д;
4) Куумайдан-1 айылындагы №1517 Д;
5) Куумайдан-2 айылындагы №3058 Д;
6) Куумайдан-3 айылындагы №1402 Д;
7) Кош-Дөбө айылындагы №1451 Д;
8) Куумайдан-4 айылындагы №1462 Д;
9) Акмоло калктуу конушундагы №1449 Д;
10) Ак-Чал айылындагы №1394Д;
11) Сарыбай калктуу конушундагы №1445 Д;
12) Кожо-Арык-1 айылындагы №3043 Д;
13) Кожо-Арык-2 айылындагы №1443 Д;
14) Кожо-Арык-3 айылындагы №1437 Д;
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |