Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарын аткарууга алуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 25-августундагы №01-18/2001 сандуу сунуш катына макулдук берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралын
дагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |