Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2025-жылдын 05-сентябры  №10/3

Кулуштан айылынын 4000 м негизги жолун ДЭПтин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кулуштан айылынын 4000 м негизги жолун элдин өтүнүчү боюнча ДЭПтин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-майы №104 “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамына таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кулуштан айылынын 4000 м негизги жолун ДЭПтин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. .

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Эшимбаев