Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/6
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматтык “Нива” үлгүсүндөгү автоунааны айылдык кеңештин балансына алуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматтык “Нива” үлгүсүндөгү автоунааны айылдык кеңештин балансына алуу жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2002- жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматтык “Нива” үлгүсүндөгү автоунааны айылдык кеңештин балансына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |