Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/7
Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан 0,10 га жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан 0,10 га жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15- марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан 0,10 га жер аянтын муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |