Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/8
Т.Кулатов айыл аймагынын АЧЖФ мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин мамлекеттик айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акыларын төмөндөтүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын АЧЖФ мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин мамлекеттик айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акыларын төмөндөтүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын АЧЖФ мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин мамлекеттик айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акылары төмөнкүдөй тарифте төмөндөтүлсүн.
Кайрак 1,0 га жер аянтына жылына - 2 000 сом
Суулуу 1,0 га жер аянтына жылына 10 коэфицент менен сугаттын жоктугу,
10×619,5=6195 сом, 20 - сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер; 20×619,5=12390
сом, 30 - иш жүзүндөгү сугат жерге 30×619,5=18585 сом
Каримберди бөлүмүндөгү кайрак, 1,0 га жер аянтына жылына -1500 сом
Суулуу 1,0 га жер аянтына жылына – 2000 сом
көп жылдык бак-дарактарга 1,0 га жер аянтына жылына - 2000 сом,
чөп чабындыларга 1,0 га жер аянтына -1500 сом
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |