Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/9
Баглан орто мектебинин кургаган теректерин кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Баглан орто мектебинин кургаган теректерин кыйууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баглан орто мектебинин кургаган теректерин кыйууга макулдук берилсин.
2. Баглан орто мектебинин кургаган теректерин кыйуу үчүн Ноокат райондук экология бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |