Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/10
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-январындагы кезектеги 3-сессиясынын №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-январындагы кезектеги 3-сессиясынын №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл аймагынын таштанды салыгы, тамарка салыгы, айыл чарба эмес багытындагы салыктын түрүнө пландан көп сумма бекитилип калгандыгына байланыштуу, Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетине өзгөртүү киргизип, аталган салыктын түрлөрүн кыскартуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-январындагы кезектеги 3-сессиясынын №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 1-тиркеменин негизинде 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүндөгү планга өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |