Редакцияот 19.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

 

2025-жылдын 19-сентябры  №11/1

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8 чакырылышы) 2025- жылдын 16-июнундагы кезексиз 8-сессиясынын №8/1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8 чакырылышы) 2025-жылдын 16- июнундагы кезексиз 8-сессиясынын №8/1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып жана талкуулап, Ош областынын прократурасынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы №11-2а-671-25 сандуу каршылык билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8 чакырылышы) 2025-жылдын 16- июнундагы кезексиз 8-сессиясынын №8/1 токтому жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Эшимбаев