Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/1
Элдик Курултайга Т.Кулатов айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 чечиминин негизинде, 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Т.Кулатов айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Ж.Амираев маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Т.Кулатов айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 150 болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (мындан ары – Жумушчу топ).
5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Т.Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин.
6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
А.Эшимбаев |