Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/2
Кожо-Арык айылындагы 0,02 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Кожо-Арык айылындагы 0,02 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожо-Арык айылындагы 0,02 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |