Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/3
Арык-Бою айылындагы Сары-Талаа конушуна КТП орнотуу үчүн 16 ч.м жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Арык-Бою айылындагы Сары-Талаа конушуна КТП орнотуу үчүн 16 ч.м жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 9- октябрындагы №4 корутундусуна, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу №149 «Жер Кодексинин» 21-беренесинин негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арык-Бою айылындагы Сары-Талаа конушуна КТП орнотуу үчүн 16 ч.м жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |