Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/4
“Ак-Чаңгал” ЖЧКсынан түшкөн 500,0 (беш жүз миң) сом, демөөрчүлөр тарабынан “Ырыстуу балдар” бала бакчасына 50,0 (элүү миң) сом, жана “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан меморандумдун негизинде 2 605 000 (эки миллион алты жүз беш миң) сом кошумча түшкөн акча каражаттарын планга коюп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Ак-Чаңгал” ЖЧКсынан түшкөн 500,0 (беш жүз миң) сом, демөөрчүлөр тарабынан “Ырыстуу балдар” бала бакчасына 50,0 (элүү миң) сом, жана “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан меморандумдун негизинде 2 605 000 (эки миллион алты жүз беш миң) сом кошумча түшкөн акча каражаттарын планга коюп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №6 корутундусуна, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Ак-Чаңгал” ЖЧКсынан түшкөн 500,0 (беш жүз миң) сом, демөөрчүлөр тарабынан “Ырыстуу балдар” бала бакчасына 50,0 (элүү миң) сом, жана “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунан меморандумдун негизинде 2 605 000 (эки миллион алты жүз беш миң) сом кошумча түшкөн акча каражаттарын планга коюп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |