Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/5
Каримберди калктуу конушунун чек арага жакын жайгашкан 3,0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Каримберди калктуу конушунун чек арага жакын жайгашкан 3,0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №4 корутундусуна, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу №149 «Жер Кодексинин» 21-беренесинин негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каримберди калктуу конушунун чек арага жакын жайгашкан 3,0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |