Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №12/6
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдыкэкономикалык өнүгүү программасына киргизилген Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоору мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы маданият үйүнүн алдындагы кошумча курулуш боюнча долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымына 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо ТКулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |