Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-ноябры №13/1
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевичтин Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы катары ыйгарым укуктары 2025-жылдын 24-ноябрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |