Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-ноябры №13/2
Кожо-Арык айылындагы жаңы курулган көмөкчү чордонго 40 даана электр мамычаларын Ош электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кожо-Арык айылындагы жаңы курулган көмөкчү чордонго 35 кВт СИП кабель тартуу үчүн СВ 110-5 электр мамычасынан 158 даана жана СВ 95-2 электр мамычасынан 40 даана электр мамычаларын Ош электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2002- жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожо-Арык айылындагы жаңы курулган көмөкчү чордонго 35 кВт СИП кабель тартуу үчүн СВ 110-5 электр мамычасынан 158 даана жана СВ 95-2 электр мамычасынан 40 даана электр мамычаларын Ош электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |