Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-ноябры №13/4
Т.Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылына фитнес клуб ачуу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдыкэкономикалык өнүгүү программасына киргизилген Ынтымак айылына фитнес клуб ачуу долбоору Ноокат өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына фитнес клуб ачуу боюнча долбоорго Ноокат өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоо үчүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымына 100 000 ( жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо ТКулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
К.балтабаева |