Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-январы №1
2026-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2027-2030-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. 2026-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2027-2030-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтү: -2026-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2027-2030-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын; -2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айылдык кеңешке отчет берилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
2. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |