Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-январы №2
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү айылдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылга Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 101 493,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2026-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 2-3-тиркемелерге ылайык колдоого алынсын. Кирешелеринин болжолу 2027-жылга 112 528,0 миң сомго жана 2028-жылга 124 593,0 миң сомго белгиленсин.
5. Жайыт пайдалануучулардан түшүүчү 2026-жылга бюджетинин кирешеси 1 371,4 миң сомго бекитилсин. Жайыт акыдан айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаты 100% кайрадан жайыт пайдалануучулардын инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берилсин.
6. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу; - 2026-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңешке сунуштоо; - Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы.
8. Жергиликтүү бюджетке айылдык кеңеш тарабынан бекитилбеген жумуштарды аткарууга тыюу салынсын, айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын. Аткарылган финансылык жумуштар боюнча квартал сайын Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына отчет берип турсун.
9. Бул токтом тиркемеси менен Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
10. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк, боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |