Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-февралы №1
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |