Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-февралы №2
“Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын жылдык отчету жана тарифтерин бекитүү, иш планын бекитип берүү жөнүндө
“Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын жылдык отчету жана тарифтерин бекитүү, иш планын бекитип берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын жылдык отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. “Т.Кулатов айыл аймагынын” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Турдубаевдин кызмат ордун кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшимбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтом кабыл алган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк жана мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |