Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-февралы №3
Т.Кулатов айыл аймагынын эки тез жардам автоунаасын Ноокат райондук аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын эки тез жардам автоунаасын Ноокат райондук аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын эки тез жардам автоунаасын Ноокат райондук аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К.Рустамов |